Connect with us

Мунай базарындагы согуш: Ким утат?

Блог , Дүйнө | 11 Мар 2020 | 777 | 0

Короновирус ансыз деле дүйнөлүк экономиканы глобалдуу рецессияга (экономиканын жайлашына) кептеди. Анысы аз келгенсип, Орусия да мунайга болгон баа жаатында отко май тамызып, баалар согушун жарыялады. Орустар бул абалга көптөн бери даярданып келишкен. Учурдан пайдаланып Орусия АКШ экономикасына сокку урууга даярданып жаткан кез.

Сауд Аравиясынын королу Салман жеке өзү февраль айында орус президенти Путинге коронавирус илдети мунай бааларына таасирин тийгизе баштаган учурда телефон чалган. Мунайдын баррелине болгон баалар көптөгөн завод-фабрикалардын ишин жайлатып, жеткирүүлөр кечигип калганына байланыштуу мунайдын баасы кескин төмөндөй баштаган. Токтоосуз бир аракет кылуу керек эле.

Financial Timesтын жазганына караганда, Путин Салмандын сөздөрүн четке кагып, мунай бааларына байланыштуу согуш отун тутандырып жиберген. Бул орустардын өздөрү үчүн да болуп көрбөгөндөй зыян алып келе тургандыгына карабай, орустар кыйынчылыктарга чыдай тургандыгына ишеними күчтүү экенин билдиришүүдө.

Кеп – ушундай жагдайда Орусия АКШ экономикасына, анын ичинде сланец мунайын өндүргөн өндүрүүчүлөргө сокку ура турган ылайыктуу жагдай пайда болуп калгандыгында болду. Financial Times Орусиянын, Сауд Аравиянын жана мунай өндүргөн ОПЕКке мүчө өлкөлөрдүн ийгиликсиз сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматтарды жазып чыкты.

Коронавирус дүйнөлүк экономиканын глобалдуу өндүрүшүн жайлатып бара жатат. Ал эми мунай баалары үчүн болгон согуш бул процессти андан ары тереңдетет. Бул жагдай жардын кырында сүзүшүп турган текелердин эрөөлүнө окшоп кетет.

Өткөн жума күнкү ОПЕКке мүчө өлкөлөрдүн жолугушуусунун максаты мунай өндүрүүнү кыскартуу, баалардын түшүп кетүүсүн токтотуп калуу боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ойрон болду. Дүйшөмбү күнү мунайга болгон баалардын төмөндөшү 1991-жылкы төмөндөөдөн да ылдый түшүп кеткен. Дүйнөлүк экономика солк этип, OMX Copenhagen 25 индекси өз тарыхында биринчи жолу болуп көрбөгөндөй төмөндөөгө туш болду.

Бирок эң эле жан кейиткен абал Москвада байкалат. Себеби, рублдин баасы акыркы төрт жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчкө түштү. Орусиядагы эң чоң деген Сбербанк өзүнүн рыноктук наркынын төрттөн бир бөлүгүн көз ачып жумганча жоготту.

Financial Timesтын белгилүү коментатору Гидеон Рахман Твиттердеги баракчасына шашылыш тыянак чыгарган. Анын айтымында, мунайдын баасынын түшүп кетүүсү Орусияны банкротко алып барышы мүмкүн. Анткени Орусия экспорттук кирешенин 70 пайызын мунай жана газ сатуудан табат дейт.

Бирок ал минтип айткандан кийин 17 мүнөттөн кийин Путин жөнүндө оюн кайра өзгөртүүгө туура келген. Чынында, Орусия буга көптөгөн жылдардан бери даярданган сыяктуу.

Орусия бутунда бекем турат

Акыркы жолу дүйнө мунайга болгон баалардын согушун 2014-жылы башынан өткөргөн. Бул учурда АКШ сланец мунайын казып баштаса, Канада битум кумдарынан мунай алуу өндүрүшүн баштаган.

Мунайга болгон баалар эки эсеге төмөндөп, орусиялык валюталык резервдерди бошотуп кеткен. Бирок ошол кризис өлкөнү өнүгүүнүн жаңы багытына бурган. Азыр орустар анын жемишин пайдаланса болот.

Биринчиден, Орусия акыркы бир канча жылдан бери валюталык резервдерин калыбына келтирүнүн аракетин кылып келе жатат. Мурунку баалардын согушунда орусиялык валюталык резерв 350 миллиард долларды түзсө, учурда бул сан 570 миллиардды чапчыды.

Экинчиден, Орусия мурункуга караганда азыр импортко көп көз каранды эмес. Анткени орус компанияларынын чет элдик валютада карыздары азайган. Орусия рублдин девальвациясына туруштук берип, баалар согушунда чыдамдуулугун көрсөтө алат.

Мунайга болгон баалардын төмөндөшү Орусияга зыянын тийгизип, Путин ишке киргизүүгө даярдап турган көптөгөн улуттук долбоорлордун ишин жайлатышы мүмкүн.

Бирок мындан Орусиянын маанилүү максаты бар экендигинин да белгилери көрүнөт.

Душманды жараландыруу

Кээ бир сланец мунайын өндүргөн америкалык компаниялар банкрот абалында турушат. Эгерде мунайга болгон баа алардын мунайды өндүрүүгө кеткен коромжусун жаппаса, аны өндүрүүнүн кажети жок болуп, экономикалык жактан болуп көрбөгөндөй зыян тартышат.

Балким, Москва Орусия, Сауд Аравиясы жана ОПЕКке мүчө өлкөлөр мунайга коюлган кымбат баалардын эсебинен туйтунуп жатканын карагандан тажаса керек..

Ошондой эле Орусиянын мындай чечимди кабыл алуусуна “Түндүк агым -2” газ куурунун курулушуна жана эң чоң орусиялык Роснефть мунай компаниясына америкалыктар салган санкциялар да себеп болсо керек.

Леонид Баршидский: “Путин бул нерсени пландап, ага даяр болчу”, — деп өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, Путин АКШга, Сауд Аравиясына жана бүткүл дүйнөлүк экономикага ылайык келбеген учурда сокку урду. Ал эми Орусия экономикалык проблемаларды кыйналса да башынан өткөрүп, күнөөнү америкалыктарга, арабдарга же эч болбосо коронавируска оодарып коюшу мүмкүн.

Эмиль Рётбель

 

Copyright © 2017 Maral FM