Биз менен байланышыңыз

Жоробеков илимий диссертацияларды кыргыз тилинде жазууга көңүл буруу керектигин айтты

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 401 | 0

Бүгүн, 11- мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тариел Жоробеков дипломдук иштердин жана илимий диссертациялардын көпчүлүк учурда орус тилинде жакталып жатканын айтып, мамлекеттик тилге көбүрөөк көңүл буруу керектигин билдирди.

— «Биздин тил эмне үчүн илимге жарабайт. Биз мамлекеттик тилди колдоп, мамлекеттик тилди өрчүтүшүбүз керек» , — деди Жоробеков.

Ошондой эле ал Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековго илимий материалдардын кыргыз тилинде жетиштүү болуп- болбогондугун сурады.

Нуржигит Кадырбеков өз сөзүндө илимий материалдардын жетиштүү экендигин айтып, кыргыз тилинде жок болсо башка тилдерден которууга боло турганын, бирок илимий иштер эки тилде жазылууга уруксат болгондуктан көпчүлүк учурда орус тилинде жазыларын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM