Биз менен байланышыңыз

«Ыйман Нуру» шайлоонун жыйынтыгы тууралуу билдирүү жасады (видео)

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 5 Окт 2020 | 1851 | 0

«Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу атайын басма сөз жыйында партиянын мүчөсү Чыңгыз Макешов айтты.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо толгон мыйзам бузуулар, сатып алуулар менен коштолгонун, бул жыйынтыкты тааныбай турганын, ошондой эле тиешелүү жактарга кайрылып, мыйзамсыздык менен күрөшөрүн маалымдады.

«Арам жол менен жеңишке жеткенче, адал жол менен жеңилген жакшы!» — деген партия лидери Нуржигит Кадырбеков аз добуш алып калганына эмес, көптөгөн фактылар менен далилденип, мыйзамды бузуп, акчанын арты менен бийликке келген партиялар өтө көп мандатка ээ болоруна, оппозиция күчү азайып, тең салмактуулук жоголоруна кейип турганын билдирди.

"Ыйман Нуру" партиясы шайлоонун жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады

“Арам жол менен жеңишке жеткенче, адал жол менен жеңилген жакшы!” , — деди Нуржигит Кадырбеков.

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Воскресенье, 4 октября 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM