Биз менен байланышыңыз

Нуржигит Кадырбеков парламенттик шайлоого барат

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 899 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков парламенттик шайлоого кайрадан барат. Бул тууралуу ал «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өздөрүнүн жаш командасы жана экономика, маданият, гуманитардык тармактарда программасы бар.

— Эгерде шайлоо боло турган болсо, Кудай буюрса, кайра шайлоого барабыз. Мен саясатка өзүм келген жокмун, сунуш менен келдим, партиядан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде жетинчи катарда болчумун. Бирок кандайдыр бир себептерден улам жетекчиси кетип калды. Анан эле мени төрага кылып шайлап коюшту. Ошо менен күтпөгөн жерден саясатка келип калдым. Келгенден кийин көп нерсени түшүндүм. Сырттан байкоочулук позициясында карап отурган башка экен, көйгөйлөрдү чечүү башка экен», — деди Кадырбеков.

Ошол эле учурда конституциялык реформадан кийин кандай шайлоо боло тургандыгы белгисиз экендигин кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM