Биз менен байланышыңыз

«Ыйман Нуру» добуш сатып алуу боюнча: Бизге кысым болууда (аудио)

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 3103 | 0

Ош шаарынан добуш сатып алууга шектелип кармалган эки жаран «Ыйман Нуру» партиясынын үгүтчүлөрү жана ишенимдүү өкүлдөрү эмес. Мындай маалыматты аталган партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү Урмат Мергеналиев «Маралга» билдирди.

Мергеналиев билдиргендей, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан партияга кат келген. Андан соң партия ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган жарандар боюнча маалыматты тактап чыгышкан. Алар «Ыйман Нуру» партиясынын өкүлдөрү болгон эмес жана көрсөтүлгөн даректе партиянын штабы жайгашкан эмес.

Партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү бул окуяны каралоо жана кысым катары кабыл алганын билдирди.

Эске салсак, буга чейин «Ыйман Нуру» партиясынын эки өкүлү добуш сатып алууга шектелип кармалганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирген.

«Ыйман Нуру» партиясынын өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелип кармалды

Copyright © 2017 Maral FM