Биз менен байланышыңыз

Өзбек бийлиги: Жарнамаларды орусча эмес, өзбекче жазгыла!

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 787 | 0

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өлкөдөгү коомдук жайларда жарнамалар менен жарыялардын орус тилинде жазылганын сынга алды. Бул тууралуу Борбордук Азия Жаңылыктар кызматы жазды.

Өкмөт башчы жарнамалардагы каталар жөнүндө айтып, жарыяларда өзбек тили көбүрөөк колдонулушу керектигин билдирген.

-Жарнамаларды орус тилинде жазуу борбор шаарда гана эмес, алыскы айылдарда дагы модага айланып жатат. Жарыяны биздин тилде жазсак, эч ким түшүнбөй калабы? Же ал дүкөнгө эч ким кирбей коёбу? Мамлекетке, тилге карата патриоттуулук сезим болушу керек», — дейт премьер-министр.

Арипов өлкөдөгү негизги керектөөчүлөр өзбек тилдүү экенин эске алып, жарнама-жарыяларды башка тилде жазуу токтотулушу керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM