Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк: 53,7 млн чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенцияны ишке ашырды

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 439 | 0

Учурда ички валюта рыногунда жагдай туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банк өзүнүн расмий сайтына 10-мартта жарыялады.

Маалыматка ылайык, соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн финансылык рынокторунда өзгөрүлүп турган жагдай байкалууда. Соода жүргүзүү жана финансы операциялары аркылуу рыноктордун бири-бирине байланышта болушу бул өлкөлөрдө орун алган жагдайдын Кыргызстандын финансылык индикаторлоруна да таасир берүүнү шарттайт.  

Мындай шарттарда Улуттук банктын чаралары Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тышкы таасирлерди жеңилдетүүгө багытталган. Баа жана финансы туруктуулугун камсыз кылуу Улуттук банктын негизги максаттарын бири болуп саналат. 

Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режимин карманат. Ошентсе да, валюта рыногундагы активдүүлүк көп учурда жарандардын күтүүлөрү менен психологиялык факторлордон улам жаралууда.  

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк 10-мартта 53,7 млн доллар суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча интервенцияны ишке ашырды (анын ичинде нак акчада 4,0 млн доллары).

Улуттук банктын эл аралык камдарынын көлөмү жогорку деңгээлде жетиштүү жана ал келечектеги товарлар импортунун 5,0 айынын ордун жабат, 9-мартка карата эл аралык камдар көлөмү 2 428,26 млн долларды түзгөн.  

Эл аралык камдардын жетиштүү запасы, акча-кредит саясатын жүргүзүүнүн жана жөнгө салуунун кеңири инструменттери Улуттук банкка ыкчам чара көрүүгө, анын ичинде алып сатуу иштерине жол бербөө максатында, валюта интервенцияларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.  

Улуттук банк туруктуу негизде ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо түптөлгөн жагдайды байкоого алып турат. 

Copyright © 2017 Maral FM