Биз менен байланышыңыз

Италияда абал курч, өлкө боюнча карантин жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 796 | 0

Коронавирус эпидемиясы кулач жайып бараткандыгына байланыштуу Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланарын маалымдады. Анын айтымына караганда, өлкө аймагында ээн-эркин жүрүүгө тыюу салынат.

Италиядагы бардык спорттук мелдештер, анын ичинде футбол чемпионаты 3-апрелге чейин токтотулду.

Италияда 1 күндө 1807 адамга вирус жуккан. Өлкө боюнча жалпысынан 9172 киши коронавируска чалдыкса, каза болгондордун саны 463 адамга жеткен.

Дүйнө жүзү боюнча 114 миңден ашык адам коронавируска кабылган, анын 4004ү каза болсо, илдеттен айыккандардын саны 62 800дөн ашык.

9-март күнү 199 киши өлсө, алардын ичинен 97си Италияда катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебреисус Женевадагы маалымат жыйынында COVID-19 тездик менен тарап жатканын, дүйнөдө пандемия ыктымалдуулугу бар экенин билдирди. Буга чейин коронавирус Кытайдан тышкаркы өлкөлөрдө көп жайылбагандыктан, пандемия жарыялоого негиз жоктугу айтылып келген.

Ошондой эле, Гебрейесус Кытайда эпидемиялык абал турукташканын кошумчалады. Анын айтымына караганда, Кытайда коронавируска чалдыккандардын 70 пайыздан ашыгы айыккан.


Коронавирус 100 өлкөгө жайылды [тизме]

Copyright © 2017 Maral FM