Биз менен байланышыңыз

Штаб: Тазалык — коронавирустун жайылышын алдын алууну шарттайт

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 420 | 0

9-мартка карата Республикада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, коронавирус чыккан учур катталган жок. Бул тууралуу бүгүн коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылганын Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөдөгү жагдайды эске алуу менен, медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт менен иштөөсүн улантып жатат. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү учурда Иранда турган кыргызстандык жүк ташуучуларга байланыштуу жагдай көзөмөлдө экенин айтты. Министрлик бул маселени чечүү үчүн өнөктөштөр менен байланышууда.

Жыйында соода, бизнес борборлордун, супермаркеттердин жана оюн-зоок жайларына келгендердин ден соолугун сактоо үчүн санитайзерлерди, аба тазалоочу жабдууларды орнотуу жана келгендерди жетиштүү деңгээлде дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталганы айтылды. Бишкек жана Ош шаардык мэриясы бул маселени көзөмөлгө алды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондук администрацияларга жергиликтүү деңгээлдеги бардык соода түйүндөрүн (рынокторду) туруктуу түрдө дезинфекциялоону уюштуруу жана жүргүзүү тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигине сасык тумоону, анын ичинде коронавирустун алдын алуу, өздүк гигиена эрежелери жөнүндө билим берүү мекемелеринде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Катышуучулар коронавирус чыккан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жарандардын тартипти, медицина кызматкерлеринин нускамаларын сактоосу ар түрдүү вирустардын, анын ичинде бул дарттын жайылышынын алдын аларын белгилешти. Бул колду жуу, тамакты чайкоо, жылуу сууну жетиштүү көлөмдө ичүү, адамдар көп жыйналган жерлерге барбоо сыяктуу өздүк гигиена эрежелерин сактоо болуп саналат.

Республикалык штаб дагы бир жолу көп адамдар чогулган кандайдыр бир иш-чараларды өткөрбөй туруу тажрыйбасын дүйнөдөгү көп өлкөлөр колдонуп жатканын, ал тургай айрым мамлекеттер мыйзам менен чектөө киргизгенин эскертүү менен, топтолгон эл катышкан иш-чараларды жакынкы арада өткөрбөй турууну катуу эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM