Биз менен байланышыңыз

«Манчестер Юнайтед» «Манчестер Ситини» утту

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 9 Мар 2020 | 545 | 0

Футбол боюнча Англия чемпионатынын 29-турунда «Манчестер Юнайтед» футболдук командасы өз талаасында «Манчестер Ситини» 2:0 эсебинде утту. Беттеш «Олд Траффорд» стадионунда өттү.

30-мүнөттө алгачкы голду Антони Марсьяль, экинчи голду Скотт Мактомин киргизди.

Конок тараптын башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола карьерасы боюнча алгачкы жолу сезон ичинде 3 ирет бир эле атаандашына жеңилип турган чагы (АПЛде 2 жолу, Англия лигасында 1 жолу).

Уле Гуннар Сульшердин командасынын активдүүлүгүндө «Манчестер Юнайтед» 29 матчтагы 45 упайы менен таблица боюнча 5-тизмеге көтөрүлдү. «Манчестер Сити» 28 оюн боюнча 57 упай менен 2-орунда турат. Ал лидерликте турган «Ливерпулдан» 25 упай артта.

«Манчестер Юнайтед» кийинки футболдук беттешин 15-мартта «Тоттенхам» менен ойнойт. Ал эми «Манчестер Сити» 11-мартта беттеш үчүн «Арсеналды» кабыл алат.

Copyright © 2017 Maral FM