Биз менен байланышыңыз

Португалиянын лидери 2 жума карантинде болот

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 686 | 0

Португалия лидери Марселу Ребелу ди Соуза коронавирус эпидемиясынын жайылышына байланыштуу бир катар иш-чараларын  токтотту. Ал 14 күн бою карантинде болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

71 жаштагы президент коронавируска кабылган эмес. Бирок өткөн аптада президенттик сарайга келген окуучулар билим алган мектепте вируска чалдыккандар аныкталган.

«Президентте илдеттин белгилери болбосо да, ал алдыңкы эки жума бир топ иш-чараларды жокко чыгаруу чечимин кабыл алды», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул чечим президенттин тышкы сапарларына да тиешелүү экендиги белгиленет.

Ди Соуза дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

Айта кетсек, Португалияда коронавирус алгач 2-март күнү катталган. Учурда илдетке чалдыккандардын саны 30 адамга жетти.

Коронавирус кесепети (сүрөт)

Copyright © 2017 Maral FM