Биз менен байланышыңыз

Кыргыз футбол союзу: Пландалган спорттук иш-чаралар өз убагында өткөрүлөт

Кыска кабар | 8 Мар 2020 | 489 | 0

Кыргыз футбол союзу республиканын жалпы коомчулугуна пландалган спорттук жана башка иш-чаралар өз убагында өткөрүлө тургандыгын билдирди.

Бул 2020-жылдын футболдук сезону жаңыдан башталып, Кыргыз футбол союзунун спорттук иш-чаралар жүгүртмөсүндө көп мелдештер пландалганы жана алардан баш тартуу ишмердүүлүккө кыйынчылык жаратары менен түшүндүрүлөт.

Тиешелүү мекемелердин сунуштарын эске алуу менен Кыргыз футбол союзу коронавирустун жаралуу жана болтурбоо аракетинде жарандардан эл көп чогулган жерлерге, ошондой эле футболдук беттештерге барбай турууну сунуштайт.

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин жана тиешелүү түзүмдөр жана уюмдардын жигердүү иш алып баруусу менен стабилдүү абал сакталып турат. Коронавирустун алдын-алуу профилактикасында жана анын жаралуусуна мүмкүндүк бербөө, эл арасында жайылтпоо максатында эл көп чогулган жерлерге жана массалык-маданияттык иш-чараларды өткөрбөө сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM