Connect with us

Өкмөт коронавирустан улам жаралуучу кризиске каршы план иштеп чыгат

Кыска кабар | 7 Мар 2020 | 585 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын экономикалык кырдаалга тийгизген таасирин азайтууга багытталган кризиске каршы иш-чаралардын планын даярдоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы планга кыска жана узак мөөнөттү иш-чаралардын тизмеги камтылышы керектигин белгиледи:

«Өкмөттүн алдындагы артыкчылыктуу милдеттер түшүнүктүү. Биз керектүү товарлардын жетишсиздигине жана алардын наркынын негизсиз жогорулашына жеткирбөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Экинчи блок – бул бюджетти коргоо. Коронавирус инфекциясынан улам аргасыз иш-чараларга байланыштуу кирешенин мүмкүн болуп турган төмөндөөсүн жабуу үчүн иш-аракеттердин бардык алгоритмин караштырып чыгышыбыз зарыл. Кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет жарандардын алдындагы бардык социалдык жана башка милдеттерин толук кандуу, бардык багыттар боюнча аткарышы керек. Бул үчүн чыгашаларды оптимизациялоо боюнча иш-чаралар каралышы кажет», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле ата мекендик бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен планда реалдуу картина дагы чагылдырылышы керектигин белгиледи. Андан сырткары, эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз жана макулдашылган иштер камсыз кылынышы, сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен ыкчам түрдө кризиске каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгуу айтылды.

Ошондой эле, өкмөт башчы азык-түлүк базарларындагы жана чекене соода түйүндөрүндөгү баага мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү тапшырмасын берди.

Эскерте кетсек, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кырдаалга кылдат анализ жүргүзүү жана бизнести колдоонун комплекстүү чараларын жүзөгө ашыруу, ошондой эле келип чыга турган тобокелдиктерди жана маселелер менен катар эле, ата мекендик ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү караштырууну сунуш кылган.

7-мартка карата эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экени, коронавирус чыккан учур катталган эмес. Ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында жүргөн кыргызстандыктардын арасында коронавируска чалдыккандар жок.

Буга чейин, Япония өкмөтү Кыргызстанга коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн реагенттерди берүүгө, Кытай Эл Республикасы гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендиги айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM