Биз менен байланышыңыз

Иранда калган айдоочулардын маселеси министрликтин көзөмөлүндө

Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 410 | 0

Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын мекенге келүүсүн камсыздоо аракети көрүлүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркмөнстан, Азербайжан жана Орусиянын дипломатиялык миссияларынын башчыларына нота тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкектеги маалымат жыйында Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Өз сөзүндө ал 2-4-мартта жолугушуу болуп, Ирандагы кыргызстандык айдоочулардын Кыргызстанга Түркмөнстан менен Азербайжандын аймагы аркылуу транзит менен өтүү маселеси каралганын эске салды.

Абдрахмановдун айтымында, Ирандын аймагындагы жүк ташыган кыргызстандык айдоочулар коронавируска байланыштуу Иранда калууга аргасыз болуп жатышат.

Транзит аркылуу Кыргызстанга кайтып келүү үчүн иран-түркмөн жана иран-азербайжан чек арасын кесип өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Айдоочулардын кайрылууларынан кийин Тышкы иштер министрлиги менен элчилик бул маселени көзөмөлдөп жатат, — деди министрдин орун басары.

6-мартка карата иран-азербайжан жана иран-түркмөн чек арасында 54 кыргызстандык айдоочу жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM