Биз менен байланышыңыз

Коронавирус катталган өлкөлөрдөн келген кыргызстандык жарандар аныкталды

Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 399 | 0

Чек ара кызматы коронавирус катталган өлкөлөрдөн келгенин жашырган бир нече кыргыз жаранын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек ара көзөмөл башкы башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жалбиев билдирди. Анын айтымында, бул аракеттер Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Аныкталган жарандар учурда карантинге алынган. Алар коронавирус оорусун жуктурган эмес.

«Бир нече жаран ID-кард паспорту менен кирип кетишкен. Алар  коронавирус катталган өлкөлөрдөн (тизмеде Кытай, Түштүк Корея, Иран, Италия жана Япония өлкөлөрү бар) келгенин жашырып жүрүшкөн. Алар көзөмөл-өткөрмө жайларынан өтүп жатканда, жалпы жарандык паспортун эмес, ID паспортун көрсөтүшкөн. Бүгүнкү күндө алардын ким экени аныкталып, карантинге алынды», — деп билдирет Жалбиев.

Ал ошондой эле бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги менен иштер уланып жатканын кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM