Биз менен байланышыңыз

Казакстанда окууга беш гранттык орунга сынак жарыяланды

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 445 | 0

Казакстан 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн 5 гранттык орун бөлдү. Анын үчөө бакалавриат жана экөө магистратура программалары боюнча. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Гранттык орундар аркылуу билим алууну каалагандар Казакстандын мамлекеттик университеттерин жана адистиктерди өздөрү тандашат.

Документтер 10-апрелге чейин кабыл алынат.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

  • Арыз;
  • Паспортунун көчүрмөсү;
  • Буга чейин алган билим деңгээли тууралуу документтин көчүрмөсү, окуудагы жетишүүсүнүн орто баллы (бакалавриат программасы үчүн талапкерлерге) же GPA орто баллы (магистратура программасына талапкерлерге);
  • Чет өлкөгө билим алганы чыгып жаткандар үчүн медициналык аныктама;
  • ВИЧ жоктугу тууралуу медициналык аныктама;
  • Флюорография;
  • Орус же англис тилиндеги мотивациялык эссе (250-500 сөз);
  • Англис же орус тилинде жазылган сунуштама каты;
  • Соттолбогондугу тууралуу аныктама.

Тапшырылуучу документтер жогоруда келтирилген иретте файлдык папкага чогултулушу керек.

Сынакка төмөнкү жетишкендиктеги талапкерлер киргизилет:

Бакалавриат программасы – орто баасы «В» же 4төн кем эмес;

Магистратура программасы – орто баллы 3,3 GPAдан кем эмес же анын эквиваленти.

Документтер Билим берүү жана илим министрлигине тапшырылышы керек. Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 257 (220-кабинет). Күн сайын 14:00дөн 17:30га чейин.

Copyright © 2017 Maral FM