Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Аэропортто коронавирус боюнча бирден токтотуп текшерген киши жок

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 592 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Марлен Маматалиев коронавирус маселесин көтөрүп, аэропорттордогу текшерүү процессин сындады.

— «Туура, Өкмөт иштеп атат. Бирок мен өз көзүм менен көргөн нерсени айтпай койбосом болбойт да. Элдерге шарт түзүлбөптүр, Текшерүүдөн өтүп жатканыбызда эки тепловизордун биринин кубаттагычы өчүп калды. Бирөө эле калды. Кишилер кандай кирсе, ошол бойдон эле кетип жатты. Бирден токтотуп алып, ар бирин текшерген киши жок. Ар бир келгинди бирден текшерип өткөзүшпөйбү?»  — деди Маматалиев.

Ошондой эле ал, тепловизорду көтөрүп турган адамдын колу талып, түшүрүп кайра көтөрүп жатканын айтып, тепловизорлорду штативге орнотуп коюу керектигин сунуштады.

Мындан сырткары, Алматы аркылуу Кореядан 15 студент келип, алардын сегизи «Кореядан келдик» деп айтышып карантинге алынган, ал эми беш студент «Алматыдан келдик» деп шаарга кирип кеткендигин айтып, ушундай маселелерге көңүл буруп коюуну сунуштады.

 

Copyright © 2017 Maral FM