Биз менен байланышыңыз

Украинага жаңы өкмөт башчы дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 446 | 0

Денис Шмыгал Украинанын жаңы премьер-министри болуп дайындалды. Жогорку Раданын 291 депутаты аны колдоп добушун беришкен.

Шмыгалдын талапкерлигин өлкө башчысы Владимир Зеленский сунуштаган.

Шмыгал өкмөт башчынын орун басарлыгына февралда дайындалган. 2019-жылдын февраль айынан 2020-жылга чейин Ивано-Франков облусунун губернатору кызматын аркалап турган.
Ал 2017-2019-жылдары Украинадагы эң бай миллиардер Ринат Ахметовго таандык энергохолдингди жетектеген. Шмыгал Ахметов менен тааныштыгы жок экенин, ишке сынак аркылуу орношконун айтып келет.

Буга чейин январдын ортолорунда Гончаруктун отставкага кетүү үчүн жазган арызын Зеленский кабыл албастан, өкмөт башчыга дагы бир ирет мүмкүнчүлүк берерин билдирген. Кийин ал кайрадан кызматтан кетүү өтүнүчүн билдирди. Алексей Гончарук өкмөт башчылыкка өткөн жылдын 29-августунда келген.

Copyright © 2017 Maral FM