Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар түшөт

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 316 | 0

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, эртең, 4-мартта өлкөнүн кээ бир райондордо жаан жаайт, тоолуу райондордо кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7 градус болот.

4-мартта Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM