Биз менен байланышыңыз

Аткезчилик жол менен ташылып келген 1 млрд сомдук товар кармалды

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 860 | 0

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айлында “Ж. уулу Н.”, аттуу Кыргызстандын жаранынын  “DAF ХF95” үлгүсүндөгү унаасынан Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 20 тонна 250 кг болгон компот аралаштырмасы табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Кармалган товардын жалпы баасы 810 миң сомду түзөт.

Ошондой эле, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен районуна караштуу Рабат айлынын аймагынан “А. уулу А.” аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Daewoo nexia” үлгүсүндөгү транспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 7500 пачка “CAVALLO” маркасындагы тамеки продукциясы табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 600 миң сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM