Бүгүн, 3-мартта Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы отурум өтөт. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышат. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, Социал-демократтар партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирген.
Буга чейин сот отуруму 2-мартта башталары кабарланып, кийин 3-мартка жылган.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда саат 16.00дө башталат.