Биз менен байланышыңыз

ӨКМ ашуулардагы жолдордо кар көчкү түшүү коркунучун эскертет

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 451 | 0

Ушул жылдын 2-мартынан 4-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы бир катар жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Арал-Миң-Куш 1-10 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымында (Ийри-Суу участкасы), 63-93-чакырымында (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM