Биз менен байланышыңыз

АКШ делегациясы Сириядагы абалды талкуулоо үчүн Түркияга сапар алды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 410 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун АКШдагы өкүлү Келли Крафт жана Американын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри 3-мартта Түркияга келишет. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги маалымдады.

АКШнын өкүлдөрү Анкарада Сирия маселелерин талкуулайт. Визит алкагында БУУнун Түркиядагы өкүлдөрү жана жарандык коом менен жолугушуу пландалган.

Анда Сириянын президенти Башар Асаддын режими менен оппозиция тобунун кагылышуусунан улам жаралган гуманитардык кризистен чыгуу маселеси талкууланары күтүлүүдө.

Сириядан чыккан 4 млн качкынды батырган Түркия 27-февралда Европа өлкөлөрүнө болгон чек араны ачкан. Учурда  бир нече миң качкын Грециянын чек арасында өлкөгө кирүүгө аракет кылып турган чагы. Алардын качкындарды кабыл алуу ниети жок.  Грециянын мамлекеттик чек арасын жарып өтүүгө аракет кылган качкындардын агымын токтотуу үчүн суу менен атуучу курал жана көздөн жаш агызуучу газ колдонулган.

Европа мамлекеттери миграциялык агым гуманитардык кризиске алып келишинен чочулайт. Жаңы миграциялык кризис Европадагы 2015-2016-жылдары байкалган популисттик ксенофобияны кайталап, башкача айтканда, чет жактыктарга, бейтааныштарга карата коркуу жана кастык сезимин жаратып, улутчулдукка, бири-бирин жок кылууга алып келиши мүмкүн.


Австриянын канцлери Евробиримдиктин чек арасына полиция кызматкерлерин жиберүүнү сунуштады

Copyright © 2017 Maral FM