Биз менен байланышыңыз

Австриянын канцлери Евробиримдиктин чек арасына полиция кызматкерлерин жиберүүнү сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 692 | 0

Австриянын канцлери Себастьян Курц Түркия тараптан келген миндеген качкындар Евробиримдиктин чек арасын бузуп кирүү аракетин кылып жатканда ЕБнын чек арасын бекемдөөнүн зарылчылыгын баса белгиледи.

2015-жылдагы кырдаал эч кандай жагдайда кайра кайталанбашы керек, — деп ал кечээ күнү, 1-мартта өзүнүн фейбуктагы баракчасына жазды.  Анын айтымында, ЕБнын сырткы чектериндеги легалдуу эмес мигранттарды токтотууну негизги максаты деп жарыялап, чек араларга кошумча полиция күчтөрүн  жиберүүгө даяр экендигин, эгерде бул ишке ашпай турган болсо, Австрия өз чек арасын өзү коргой тургандыгын билдирди.

Ал арада сырткы чек араларды коргоо боюнча Frontex агенттиги ЕБ лидерлери үчүн жазылган докладында Түрк бийлиги качкындарга ЕБ аймагына кирүүгө тоскоолдук жараткан күндө да , Греция багытындагы качкындарды токтотуп калуу мүмкүн эместиги тууралуу айтылган. Frontexтин докладын бүгүн, 2-мартта Die Welt басылмасы жазып чыкты. Докладда жакынкы күндөрү абал барган сайын кыйындайт деп айтылат.

Ал эми Грециянын Премьер-министри Кириакос Мицотакис өзүнүн Twitterдеги баракчасында Греция жакынкы күндөрү качкындарга башпаанек берүү тууралуу ойлонуп да көрбөгөнүн айтат. Ал эми кечээ, 1-мартта Грециянын мамлекеттик чек арасын жарып өтүүгө аракет кылган качкындардын агымын токтотуу үчүн суу менен атуучу курал жана көздөн жаш агызуучу газ колдонулган.

 

Copyright © 2017 Maral FM