Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 790 | 0

УКМК 24-февралда «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун 3 мүчөсүн колго түшүрдү. Алардын экөө кыргыз жарандары болсо, бирөө чектеш мамлекеттен. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Кармалгандардын жашаган жерин тинтүүдө диний адабияттар, аудио жана видео аппаратуралары табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факт боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 313 жана 315 -беренелери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар УКМК Тергөө камагына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

«Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик тобу 2003-жылдын 20-августунда Жогорку сотунун токтомуна ылайык экстремисттик деп табылып, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM