Биз менен байланышыңыз

Алматы жана Нур-Султанда митингге чыккандарды полиция кармап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2020 | 573 | 0

Бүгүн, 1-мартта Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларында бийликке каршы митинге чыккандарды полиция кармап кетти. Vласти басылмасынын кабарчысынын маалыматы боюнча, 10го жакын жаран кармалган, алардын арасында 25-февралда тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилдин сүрөтүн көтөрүп чыккан аял да бар.

Алматынын аянты полиция тарабынан курчоого алынган жана негизги көчөлөр убактылуу жабылган.

Учурда Алматыда кармалгандардын саны 20га жетти. Алардын арасында журналист Асель Джанабаева жана активист Данай Калиева да бар.

Митингчилер Дулат Агадилди колдоп чыгышууда. Ошол эле учурда Полиция депаратаментинин биринчи орун басары митингде кармалгандар менен сүйлөшкөндөн кийин алардын коё берилерин айтып, митингге чыккандарды тарап кетүүгө чакырып жатат.

25-февралда Нур- Султанда тергөө абагында 1977- жылы туулган саясий активист Дулат Агадил каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM