Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев аэропорттогу коронавируска карата текшерүүгө күбө болду (видео)

Кыска кабар | 29 Фев 2020 | 681 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Манас» эл аралык аэропортуна барып, башка өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдү текшерүү процесси менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев Түркиядан келген жүргүнчүлөрдү текшерүүгө катышты. Учакта 150 жүргүнчү болгон, бул каттам менен келгендердин арасынан кооптуу вирус аныкталган жок.

Өкмөт башчысы бүгүнкү күндө Кыргызстанда вирус катталбаганын, ага карабастан, сак болуп, чет жактардан келишкен ар бир адам текшерүүгө алынышы керектигин белгиледи.

Текшерүүдө дене табынын жогору болушун гана эмес, тигил же бул жүргүнчү келгенге чейин кайсы өлкөдө болгонун да текшерүү керек. Муну жалпы жарандык паспорт боюнча текшерүү оңой. Вирус бар деп шектелгендердин баарын изоляциялоо зарыл, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев андан ары убактылуу обсервация жайына барды. Учурда мында эпидемиологиялык абал жакшы эмес ар кыл өлкөлөрдөн келген 122 адам бар. Алар текшерүүдөн өтүп, 14 күндүк карантинге алынган.

Премьер-министр дарыгерлерге кайрылып, өтө чоң тобокелдикке карабай, өмүр сакчылары өз ишиңерди ак ниеттүү аткарып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев бардык өткөрмө жайларда көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле текшерүүчү кызматкерлерди тийиштүү гигиеналык жана коргоочу каражаттар менен камсыздоону тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM