Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөгү коронавирустан коргонуу чаралары

Коом , Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 1226 | 0

Япониядагы Diamond Princess лайнеринде иштеген кыргызстандык жигиттин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми Кыргызстанда  коронавируска чалдыккандар жок. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Учурда вирус тараган өлкөлөрдөн келген жарандар катуу көзөмөлдөн өтүп, карантинге алынууда. Илдет боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу эмес  Түштүк Корея, Италия, Иран, Япония жарандарынын Кыргызстанга кирүүсүнө убактылуу чек коюу сунушу демилгеленген. Ал маселе Кыргызстандын аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кароосунда турат.


Япониядагы Diamond Princess лайнеринде иштеген кыргызстандык жигиттин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыкты Япониядагы ооруканалардын бирине жаткырышты.

— Мурдараак аны менен бир бөлмөдө жашаган адам вирус жуктуруп алып, ооруканага түшкөн. 26-февраль күнү мекендешибиздин анализдеринен коронавирустун жеңил түрү аныкталган. Жараныбызда жөтөл, тамак оору жана ошондой эле дене табы көтөрүлгөнү байкалган эмес. Ал күнү-түнү япониялык дарыгерлердин  көзөмөлүндө болууда. Күн сайын кан жана шилекейдин анализдери алынууда. Ал эми  Кыргызстандын коронавирусту алдын алуу боюнча штабы илдетти жуктуруп алган кыргызстандык менен дайым байланышта болуп жатат. Биз мекендешти алып келүү сунушун бердик, бирок Япония ал толугу менен сакаймайынча өлкөдөн чыгара албай турганын билдирди.

Кыргызстандын чет жактагы консулдугунун маалыматында, Японияда 64, Италияда 352, Түштүк Кореяда 2 миң 348, Иранда 67 жана Кытайда 271 жаран бар.

Ал эми эпидемиологиялык абал туруктуу эмес өлкөлөрдүн катарына Түштүк Корея, Япония, Иран, Кытай жана Италия  киргизилген. Аталган өлкөнүн жарандарын Кыргызстанга убактылуу киргизбөө боюнча сунуш демилгеленген. Кыргызстандын аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб бул маселени карап жатат.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымдагандай, Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Өлкөдө  аталган илдетти жуктуруп алган учур катталган жок. Бүгүнкү күнгө чейин коронавирусту аныктоо боюнча 919 изилдөө жүргүзүлүп, жыйынтыктары терс чыккан. Азыркы учурда Кытай, Түштүк Корея, Иран, Япония жана Италиядан келген жарандар 14 күндүк карантинден өтүүдө.

— Кыргызстандын чек ара аймагында 22 санитардык-карантиндик жер бар. Ал жерде күнү-түнү эпидемиологдор, жугуштуу ооруларды көзөмөлдөгөн дарыгерлер жана башка медициналык кызматкерлер иш алып барууда. Бүгүнкү күндө 160дан ашык ооруканада 488 миң беткап бар. Ооруканада атайын коргоочу кийим-кеченин саны 300дөн ашык жана респиратордук беткаптын саны 44 миңден ашат. Учурда беткап боюнча маселе бар. Коронавирус пайда болгондон бери беткаптарды чет жактан алып келип жатабыз. Анткени ал Кыргызстанда өндүрүлбөйт. Коронавирус боюнча ар кандай маалыматтар чыкканда эл дүрбөлөңгө кабылып, көп сандагы беткаптарды сатып алган. Бирок, көпчүлүк дарыканаларда беткаптар бар. Жума намаз, көп адам чогулган жерде адамдардын санын азайтуу, тойлорду кыскартуу боюнча сунуш берип жатабыз.  

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата 683 мектеп, 86 ЖОЖ, кесиптик лицей жана бала бакчаларда профилактикалык иштер жүргүзүлүп, 8 миң 500дөн ашуун мугалим жана 112 миңден көп окуучу окутулду.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги карантинге алынган жарандарды тамак-аш, керектүү шаймандар менен камсыз кылууда. Бул тууралуу мекеменин жетекчисинин орун басары Калыс Акматов билдирди.

— Саламаттыкты сактоо министрлиги койгон талаптарды аткарып жатабыз. Коркунуч бар болгон жерде шектүү жарандарды 14 күн кармоо талабы коюлган. Ал үчүн медициналык орундарды көбөйтүп жатабыз, учурда 1200дөй орун даяр. Бизге тамак-аш, керектүү шаймандар менен өз убагында жеткирүү милдети жүктөлгөн.

Коронавирус жагдайынан улам Кыргызстандын Кытай менен чектешкен өткөрмө бекеттери жабык бойдон калууда. Бардык бекеттерде өздүк курам беткап жана керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев кабарлады.

— Кытай менен чектешкен «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекеттери жабык. Көзөмөл-өткөрүү жайларында абал туруктуу. Саламаттык сактоо министрлиги жана башка ведомстволор менен иш жүргүзүүдөбүз. Кайсы мамлекеттен келбесин, ар биринен сурамжылоо жүргүзүп жатабыз. Кайсы өлкөдөн келгени тууралуу маалыматтар да текшерилүүдө. Кытай менен болгон аба каттамдар да токтотулган.

Кошумчалай кетсек, 28-февралга карата дүйнө боюнча коронавируска кабылгандар 83 миң 500гө чамалады. Анын 79 миңге жакыны Кытайда катталган. Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын 46 пайызы айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM