Биз менен байланышыңыз

Чыгарылганына 25 жылдан ашкан жарандык аба кемелерин колдонууга тыюу салынды

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 332 | 0

Чыгарылганына 25 жылдан ашкан жарандык аба кемелерин мамлекеттик реестрге киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргызстандын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү жүк аба кемелерин чыгарылган датасына карата чектөө жана ага байланыштуу колдонуу мөөнөтү кайра каралып чыкты.

Документ жарандык авиацияны өнүктүрүү, калкка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашпаган, коммерциялык жүк ташууларга арналган аба кемелеринен тышкары, чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан аба кемелерин Кыргызстандын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө; чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашкан жүк ташуучу аба кемелерин эксплуатациялоого; чыгарылган датасынан тартып 40 жылдан ашкан, мурда Кыргызстандын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилген аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды.

Мындан тышкары киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык, учууга жараксыздыгына байланыштуу акыркы 2 жыл ичинде учпай турган аба кемелери Кыргызстандын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM