Биз менен байланышыңыз

Британиянын өкмөт башчысынын атасы компанияларды кыргыз туризмин колдоого чакырды

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 653 | 0

Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасалды. Мындай маалыматты Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги билдирди.

Иш-чарага 15 кыргызстандык, 40 британиялык туристтик компаниялар катышты. Жыйында Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун атасы Стэнли Жонсон да сөз сүйлөп, 2018-жылы Кыргызстанга жасаган саякаты тууралуу сөз сүйлөдү.  Ал айлана-чөйрөнү коргоо жана ак илбирсти коргоо ишине аралашып келгенин, NABU фотокапкандарын орнотууга катышканын айтты.

“Премьер-министрдин 80 жаштагы атасы Кыргызстандын кооз табиятын жана элдин ак көңүлдүүлүгүн суктануу менен айтып, британиялык компанияларды бул багытта активдүү иштөөгө чакырды»,-деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM