Биз менен байланышыңыз

Трамптын Индияга болгон сапары, өлкөдө жаралган нааразычылык

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 637 | 0

АКШ президенти Дональд Трамптын президент болгондон берки Индияга болгон алгачкы иш сапары февралдын аягына туш келди. Аны жубайы Мелания Трамп менен 12 кишиден турган расмий делегация коштоп барды. Алардын катарында Ак үйдүн кеңешчилери катары саналган Трапмтын кызы Иванка Трамп жана анын жолдошу Жаред Кушнер да бар. Президенти баш болгон АКШ делегациясын Индиянын премьер-министри Нарендра Моди оркестрдин коштоосунда салтанат менен тосуп алды.

АКШ президенти Махатма Ганди 13 жыл жашаган Сабармати Ашрамга барды. Андан ары Трамп ханайым Мелания менен атактуу Тадж-Махал мавзолейине зыярат кылды. Ал эми эки мамлекеттин делегацияларынын сүйлөшүүлөрү 25-февралда Нью-Делиде өттү.

24-февралда башталган иш сапары алгач Индиянын чыгышындагы Ахмедабад шаарында болду. Анда Дүйнө боюнча көлөмү жагынан экинчи орундагы чоң стадионго чогулган 100 миңдей адамдын алдында сүйлөгөн Трамп Вашингтон менен Нью-Делинин ортосундагы соода байланыштарды бекемдөөгө убада берди.

Ал ошондой эле кошмо штаттар Индияны 3 миллирдга бааланган аскердик техникалар менен камсыз кылууга даярданып жатканын, анын ичинде дрондордон баштап ракета системаларына чейинки куралдар бар экенин билдирди.

Image result for Трамп в индии

Америка Индиядан эмне каалайт?

Индия АКШнын ири соода өнөктөштөрүнүн катарында 9-орунда турат. Трамптын визити эки өлкөнүн соода келишимдери аксап турган учурга туш келүүдө. Саясий маселелерди чечүүгө эки тарап тең кызыктар, бирок соода маселеси жөнгө салынбай келет. Дональд Трамп буга чейин Индиянын салыктарын жөнсүз деп санап, Индиянын өзүн «салыктар падышасы» деп атаган жайы бар. 2018-жылы соода алмашуу 142,6 миллиард долларды түзгөн. 2019-жылы Кошмо Штаттары менен Индиянын соода тамагы тескери кетип, Америка Индиянын товарларына салык киргизген. Ага жооп катары Индия да америкалык товарлардын салыгын жогорулаткан. Американын саясатчылары бул салыктарга нааразычылыктарын билдирип келишет.

Трамптын бул сапарында соода жана коопсуздук боюнча келишимдерге кол коюлары айтылган.

Индиядагы Джавахарлал Неру Университетинин профессору, саясий серепчи Чинтамани Махапатра Трамптын бул визити алдыдагы шайлоого байланыштуу экенин белгилейт. Ал бул аракети менен Америкадагы индиялыктарды өзүнө тартуу максатын көздөөрүн айтат серепчи.

Бул арада Индиянын тургундары Трамптын сапарына нааразычылыктарын билдирип чыгышты. Буга чейин эл аралык маалымат булактары Индия Америка лидерин тосуп алууга кантип даярданып жатканын чагылдырган. Анда концерттик салтанаттан сырткары, Индия бийлиги өлкөнүн жакырдыгын жашыруу үчүн шашылыш түрдө көчө бойлото бийик дубалдарды орнотуп жатканын байкоого болот. Бул жагдай Шанхай кызматташтык уюмунун Кыргызстанда өткөн саммити учурунда анча-мынча кемтикти көрсөтпөө максатында Киев көчөсүндөгү, Бишкек парктын маңдайындагы эски имаратты чатыр менен жаап койгон көрүнүштү эске салды.

Image result for протесты в индии против трампа

Индиялыктар бийлик бул аракети менен калктын жакырдыгын жашырып коюу оңой эместигин айтып чыгышкан. Андан сырткары, Трамптын “империализмдигин” сындап, анын визитине каршы болгон жүздөгөн жарандар Нью-Дели шаарында нааразычылык акциясына чыгышты. Белгилеп өтсөк, бул нааразычылык акциясында полиция менен кагылышуу катталып, 5 жаран каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM