Connect with us

Абылгазиев: Бишкек жашыл экономиканын заманбап тренддерин киргизүүгө муктаж

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 478 | 0

Бүгүн баш калаада Бишкектеги жана өлкө аймактарындагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу жолдору боюнча кеңешме өттү. Иш-чарага катышкан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаал жашыл экономиканын заманбап тренддерин киргизүүнү талап кыларын белгиледи. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев Өкмөттүн башкы милдеттеринин бири өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо болуп саналарын белгилейт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы жылдары Кыргызстанда абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруунун деңгээли 2 эсеге өстү. Абанын булганышынын негизги себептери унаалардан, жеке турак үйлөрдү көмүр менен жылытуудан, таштанды таштоодон жана ЖЭБдин ишмердүүлүгүнөн абага бөлүнүп чыккан газдар болуп саналат. Бул маселелерди баскычтуу чечүү керек. Биз жашыл экономиканын заманбап тренддерине өтүүгө, экологиябызга зыяндуу заттардын таасирин азайтууга милдеттүүбүз. Бул мезгил талабы. Абанын булганышын азайтууга, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга жетишүүбүз зарыл, — деп баса белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Жыйында газ-мотордук күйүүчү май базарынын өнүгүшү, от казандарды жаратылыш газына өткөрүү, күйүүчү жана майлоочу майлардын сапатына карата экологиялык талаптарды жогорулатуунун маанилүүлүгү белгиленди. Муну менен катар эл ташуучу транспортко, мамлекеттин жана муниципалдык кызматтарга караштуу автоунаа каражаттарына кысылган жаратылыш газын колдонуу сунушу киргизилип, бул бюджетти үнөмдөөнү жана абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын эки эсе азайышын шарттай турганы айтылды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга экологиялык абалды жакшыртуу боюнча каралган чараларды дыкат иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары газ-мотордук күйүүчү май базарын өнүктүрүү жана тиешелүү инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM