Биз менен байланышыңыз

Өзбек бийлиги кыргыз тарыхчыларына Ташкент архивинде иштөөгө жол ачты

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 863 | 0

Өзбекстандын мамлекеттик бийлиги Кыргызстандын 21 тарыхчысына Ташкент архивинен изилдөө ишин жүргүзүүгө уруксат берди. Бул маалыматты тарыхчы Кыяс Молдокасымов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, февраль айынын аяк ченинде расмий уруксат берилген. Буга чейин “Мурас” фонду өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин жардамы менен кайрадан изилдөө иштерин узартуу боюнча Өзбек бийлигине кайрылган.

Эми өлкө боюнча 21 тарыхчы Ташкенттин архивине барып изилдөө иштерибизди жүргүзгөнгө кайрадан мүмкүнчүлүккө ээ болдук. Бишкек, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Таласта эмгектенген тарыхчылар эми Ташкентке барып, архивде эмгектене берсек болот, — дейт тарыхчы.

Кыяс Молдокасымов кошумчалагандай, кыргыз тарыхчылары Өзбекстандын архивдерине иштөөгө 2018-жылы мүмкүнчүлүк алышкан. Ушул жылдын 5-февралында Ташкенттеги архивдерде иштөө мөөнөтү аяктаган.

Copyright © 2017 Maral FM