Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев Мелания Трампка 4200 долларлык белек берген

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 1040 | 0

Американын президенти Дональд Трамптын 2018-жылы чет өлкө лидерлеринен алган белектеринин тизмеси жарыяланды. The New York Times басылмасынын маалыматы боюнча, белектердин жалпы суммасы 88 420 долларга бааланган.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Трампка «Регистан» комплексинин күмүштөн жасалган көчүрмөсүн белек кылган. Ал 2 950 долларга бааланган.

Белектердин эң баалуусун АКШ лидеринин жубайы Мелания Трамптын алганын белгилеп өтөлү. Ага Катардын шейхи 23 миң долларлык 6 фарфор табакты белек кылган. Андан сырткары, Америка ханайымына Египеттин президенти декоративдик 2 отургуч (10 миң доллар), Өзбекстандын президенти керебет жапкыч (4,2 миң доллар), Бельгиянын премьер-министринин өнөктөшү клатч (1 280 доллар) белекке берген.

Белектердин дээрлик баары Улуттук архивге өткөрүлүп берилген. Президенттин кызы Иванка Трамп менен анын жолдошу Жаред Кушнер Иордания башчыларынын белеги болгон — 3 185 долларга бааланган 4 билерикти сатып алууну чечишкен.

Трамп алган белектердин эң кымбаты — Франциянын президенти Эммануэль Макрондун белеги. Ал гольф үчүн колдонулган баштык белек кылган. Louis Vuitton баштыгы 8 250 долларга бааланат.

Ал эми Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпео өзбек президентинен белек катары 1 580 долларга бааланган стол жана отургучтарды алган. Белектердин көпчүлүгү администрацияга колдонууга берилгени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM