Биз менен байланышыңыз

Текебаев менен Чотонов дагы эки ай үй камагында болушат

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 476 | 0

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов дагы эки ай үй камагында болушат. Мындай чечимди бүгүн, 24-февралда алардын баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Отурумга төрагалык кылуучу судья Айнура Сатарова чыгарган чечимге ылайык, айыпталгандар дагы эки ай үй камагында болушат. Мындан сырткары, соттук териштирүүлөрдүн мөөнөтү узарды.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 29-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурунку депутат Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи, мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарган. Андан бери сот отурумдары уланып, мөөнөтү жылдырылып жатат.

Текебаев менен Чотонов орус ишкери Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп шектелип, камакка алынган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM