Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикстан 23 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашты

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 2466 | 1

Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброгим жетектеген чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу жыйыны 22-февралда Баткен облусунда болду.

Аталган жолугушууда тараптар биринчи жолу кыргыз-тажик чек арасындагы аныкталбаган аймактагы 23 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашкандыгын «Азия-Плюс» жазды.

Ошентип, чек ара аймактарында эки мамлекеттин ортосунда узакка созулган талаш-тартыш маселеси чечилүү жолуна түштү деп айтууга болот.

Бирок, ошол эле учурда кайсы аймактардын алмаштырыла тургандыгы айтылган эмес.

Мындан сырткары, Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун 2020-жылга кызматташуу иш-чараларынын планы бекитилген. Аталган маселе боюнча кезектеги жолугушуу ушул жылдын март айынын аягында болмокчу.

1 пикир

1 пикир

  1. Ильязбек

    24.02.2020 20:52

    Жергиликтуу жашап аткандарды тартуу керек. Бишкекте жургондорду кошуп албай алар эч нерсени билбейт. Элдин ортосуна салуу керек. Жен учунан болбостон ЧЕК АРАНЫ жергиликтуу эл жакшы билет. Аны баарыбыз эле билебиз

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM