Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр Базар-Коргон районунун акимин кызматынан алды

Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 1762 | 0

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов кызматынан бошотулду. Тиешелүү кадрдык өзгөрүү боюнча буйрукка Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул кабарды өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады.

Жогорку Кеңештин 20-февралындагы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун акимдерине жумушун тапшыруу боюнча сунуш берилгенин билдирген. Ал өкмөттө кадрдык алмашуу бат жүрүп жатканын сынга алып, жогорудагы эки райондун акимдерин арыз жаздырып, иштен кетирүү аракети болуп жатканын айткан эле.

Айбек Бегимкулов Базар-Коргон районунун акими кызматында 3 жыл эмгектенген.

Ал эми парламентте сөз болгон Ноокендин акими кызматтан алынган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM