Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү бюджеттердин кирешеси акыркы 10 жылда өзгөргөн жок

Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 575 | 0

Жергиликтүү бюджеттердин кирешеси акыркы 10 жыл ичинде дээрлик өзгөрүүсүз калды. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин өсүү динамикасын салыштырып карасак, 2010-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 48,5 млрд сом болсо, 2019-жылы 115,8 млрд сомго жеткен. Ал эми жергиликтүү бюджеттин көлөмү 2010-жылы 15,1 млрд сом болсо, 2019-жылы 20,1 млрд сомду түзүүдө. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзунун директору Өмүрбек Алманбетов кечээ, 10-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин Ош шаарындагы парламенттик угуусунда билдирди.

Жыйында сөз сүйлөгөн Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Жамбила Сейитова аларга бөлүнгөн каражат жылдан-жылга азайып баратканын билдирди.

Ошол эле учурда мектеп, бала бакча, ФАП  сындуу социалдык объекттерди камсыздоо айыл өкмөттөргө жүктөлгөн. Каражат жетишсиз болгондуктан корголгон беренелер каржыланбай калды”, – деди ал.

Ошондой эле жол оңдоо, жарыктандыруу сыяктуу жергиликтүү маселелерди чечүүгө айыл өкмөттөрдүн күчү жетпей келери айтылды.

Айыл өкмөт башчылары республикалык бюджеттен 2 млрд сом дем берүүчү гранттарды айыл өкмөттөргө адилет бөлүштүрүүнү өтүнүштү.

Белгилей кетсек, учурда айыл өкмөттөрдүн 80%ы дотацияда.

Copyright © 2017 Maral FM