Биз менен байланышыңыз

Ноокен: Салык органында “Бирдиктүү терезе” иштеп баштады

Без рубрики , Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 531 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Ноокен району боюнча башкармалыгында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча «Бирдиктүү терезе» иштей баштады.

“Бирдиктүү терезенин” расмий ачылышына Ноокен районунун акими, салык органынын жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле салык төлөөчүлөр катышты.

«Бирдиктүү терезеде» салык кызматкерлери кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык комплексин бир жерде ишке ашырышат, анын ичинде каттоо жол-жобосун жүргүзүшөт, отчетторду кабыл алышат, патенттерди, камсыздандыруу полистерди, маалымкаттарды берет же узартат. Ошондой эле бул имаратта салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн банктын кассасы жайгаштырылган.

«Бирдиктүү терезенин» иши жарандардын салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерин аткаруу убактысын үнөмдөйт жана жеңилдетет.

Белгилей кетсек, азыркы учурда «Бирдиктүү терезе» 52 салык органында иштеп жатат. Алардан сырткары, ири базарларда жана соода борборлорунда сервистик борборлор иштейт, анда ишмердик жүргүзгөн жайлардагы ишкерлер салык органдарына барбастан кызмат көрсөтүүлөрдү ала алышат.

Copyright © 2017 Maral FM