Биз менен байланышыңыз

Базар-Коргон: мигрант ишкер айылына 180 орундуу мектеп куруп берди

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 2278 | 1

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагындагы Кызыл-Алма участкасында жергиликтүү жеке ишкер Кубат Досматов тарабынан 180 орундуу мектеп курулду. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал- Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Кызыл-Алма участкасынын окуучулары буга чейин 3-4 чакырым алыстыктагы Арстанбап атындагы №19 мектепке барып окуп келишкен. Жеке ишкер тарабынан курулган билим уясы Арстанбап атындагы мектептин Досматов Темирбай атындагы бөлүмү болуп ачылды.

Ачылышка Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги, айыл аймактын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен окуучулар катышты.

Окуучулар буга чейин жолдун алыстыгынан ар кандай кооптуу абалдарга туш болуп келишкенин жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алдыда мектепке парта, отургучтар жана башка керектүү буюмдар алынып келинет.

 

Copyright © 2017 Maral FM