Биз менен байланышыңыз

Ош: эч ким жашабаган үйгө 900 адам катталган

Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 607 | 0

Башкы прокуратура шаардык кеңештерге болуучу шайлоого карата Ошто массалык каттоо боюнча мыйзам бузууларды аныктап, сотко чейинки өндүрүшкө алды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди. Ош шаарында январь, февраль айларында 35 895 адам жаңыдан катталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, каттоо кызматынын өкүлдөрү жарандарды үй ээлеринин айрымдарынын уруксаты жок каттоого коюшканы жана керектүү документтери жок эле ишке ашырганы аныкталган.

Мындан улам 19-февралда Ош шаарынын каттоо кызматынын айрым кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

— Ош шаарынын каттоо кызматы бир даректе 700, экинчи даректе 1000ден ашуун адамды каттоого коюшкан. Ал даректерде убактылуу эч ким жашабайт. Дагы бир 900 адам катталган жерде үй ээсинин бул боюнча кабары жок. Уруксат да берген эмес, — деп айтылат маалыматта.

Апрель айында боло турган жергиликтүү шайлоолорго карата айыл тургундарын шаарга каттоо көрүнүшү жүрүп жатканы буга чейин Парламентте айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM