Биз менен байланышыңыз

Япония туризм тармагында Кыргызстанга жумуш орундарды берет

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 933 | 0

Япон Өкмөтү Кыргызстанга туризм тармагында жумуш орундарды берүүгө даяр. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-кеңеш берүү борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев маалымат каражаттарына билдирди.

Миграция кызматы япониялык Relationship CO., Ltd мекемеси менен жумушка жайгаштыруу боюнча келишим түзүшкөн.

Маалыматка ылайык, Япон Өкмөтү чет өлкөлүктөр үчүн 300 миң квота берерин жарыялаганын билдирди:

Японияда жумушчу күчкө болгон муктаждык бар. Биз алардын чет өлкөдөн жумушчуларды тартуучу консалтингдик мекемеси менен келишим түздүк. Алар биздин жарандарды туризм тармагына жумушка орноштурушат. Учурда виза алуу маселеси бар. Бул жана башка майда-барат маселелерди биз жакынкы күндөрү чечебиз, — деди Алмаз Алыбаев

Ал ошондой эле, буга чейин Японияга жумушка бир гана менчик ишкана жөнөтүп келгенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM