Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору тармакты өнүктүрүүнүн маанилүү инструменти

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 362 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорун жүзөгө ашыруу тууралуу Өкмөттүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өз сөзүндө ал «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору айыл чарбасын жана жалпы эле реалдуу экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү инструменти болуп саналарын белгиледи. Анын айтымында, «Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоору боюнча жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жылда 10 миңден ашык жараныбыз пайдаланат. Ал айыл чарбасынын негизин түзгөн асыл тукум жана үрөн чарбаларын жакшыртууга багытталган. Калк мындай жардамга муктаж.

«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорун жүзөгө ашырууга 1 млрд. 250 млн. сом каралган. Бул чакан жана ири айыл чарба өндүрүүчүлөр, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайын каржылоого жумшалат.

Зайымчылар үчүн акыркы пайыздык чен төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

— чакан айыл чаба өндүрүүчүлөр үчүн, анын ичинде жеке жактарга — «ФСХ-Фермер» категориясы боюнча 10 пайыз;

— ири айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн  – 8 пайыз;

— тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканалары үчүн – жылына 6 пайыз.

Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоору кошумча нарк чынжырчасын жана айыл чарба класстерин киргизүү ыкмасын колдонгондорду жеңилдетилген шартта каржылоого багытталган. Долбоордун жалпы суммасы быйыл 6 млрд сомдон ашат. Бул учурдагы чарбаларды ирилештирүү менен экспорттук потенциалды арттырып, азык-түлүк коопсуздугун сактайт, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Өкмөт 2013-жылдан бери «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору ишке ашырып келе жатат.

Премьер-министр буга чейин насыянын ушул линиясы боюнча берилгендерге анализ жүргүзүүнү жана өлкөнүн айыл чарбасынын өнүгүшү үчүн кандай натыйжа бергенин аныктоо тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM