Биз менен байланышыңыз

11 миңден ашык бейтап коронавирустан айыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 645 | 0

COVID-19 коронавирусуна кабылган 71 335 бейтаптын ичинен 11 135и эмделип, ооруканадан чыгарылды. Бул маалымат абалды онлайн чагылдырып турган сайттарда көрсөтүлгөн.

Күн сайын коронавируска кабылган жаңы жагдайлар катталып, алардын саны кыскарбаганы менен, ал аралыкта айыккандардын саны мурдагыга салыштырмалуу өстү.

Ал эми каза болгондордун саны 1 775ти түздү.


17-февраль: Кытайда коронавирусту жуктургандар 70 миңден ашты [хронология]


Учурда Covid-19 коронавирусу Кытайдан башка 25 өлкөдө жана 3 административдик аймакта катталган. Вирус жуктургандардын эң көбү Жапонияда байкалып, круиздик лайнерде эле вируска кабылгандардын саны 454 адамга жетти.

Copyright © 2017 Maral FM