Биз менен байланышыңыз

Кытайда 2 миңге жакын дарыгер вируска кабылган

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 563 | 0

Кытайда 2 миңдей медицина кызматкери COVID-19 вирусуна кабылган. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо комитетинин башкы орун басары Цзэн Исинь маалымдады.

Андан сырткары, убагында бейтаптарды дарылаган учурда вирус жуктурган 6 кызматкер каза болду.

Кытай бийлигинин 11-февралдагы маалыматы боюнча, COVID-19 коронавируска кабылган медицина кызматкерлеринин саны 1716ны түзгөн. Жергиликтүү ооруканалар дарыгерлер менен медайымдардын коопсуздугун сактоо үчүн коргоочу каражаттар жетпей жаткандыгын бир нече ирет айтышкан.

14-февралга карата, коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1 382 адамды түздү. Ал эми вирусту жуктургандар 63 946га жетти. 6 814 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.


14-февраль: Коронавирустан каза тапкандар 1400гө чамалады [хронология]

Copyright © 2017 Maral FM