Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы жаңжалда каза болгондордун саны он бирге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 570 | 0

Казакстандагы Кордай районунун Масанчи айылында жаңжал учурунда каза болгон дагы бир дене табылды. Бул тууралуу облус акиминин кеңешчиси Канат Кулшыманов билдирди.

Анын негизинде Казакстандын түштүк регионундагы ички келишпестиктен улам чыккан чырдын айынан каза болгондордун жалпы саны 11ге жетти.


Кордайдагы жаңжалдан кийинки сүрөттөр


Белгилей кетсек, 7-февралда кечке маал Кордай районунун Масанчи жана Сары-Төбе айылдарында жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Анын айынан 10 адам каза болгону, дагы ондогону ар кандай жаракат алганы айтылган. Аталган айылдар Кыргызстан менен чектеш жерде жайгашкан жана ал жерде дунган улутундагы тургундардын жашаары белгилүү.

Кысымдан улам миңдеген киши Кыргызстанга качкан. 11-февралда Жамбыл облусунун губернатору Бердибек Сапарбаев акыркы эки күн ичинде Кыргызстандан 8000ге жакын дунган улутундагылар кайтып барганын билдирген.


Назарбаев Кордайдагы жаңжал боюнча пикирин билдирди [видео]

Copyright © 2017 Maral FM