Биз менен байланышыңыз

Назарбаев Кордайдагы жаңжал боюнча пикирин билдирди [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 1840 | 0

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 11-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кордайдагы жаңжал боюнча пикирин билдирди. Ал буга чейинки 30 жыл аралыгында мамлекет улуттар аралык биримдик менен кыйынчылыктарды жеңип келгенин белгиледи.

“Жаңжал турмуштук келишпестиктен башталды. Кандай жаңжал болсо да, адамдын өмүрүн кыюуга болмок беле. Болуп өткөн окуя менин тынчымды алууда. 30 жыл аралыгында кандай оор күндөрдү баштан өткөрдүк. Казакстанда 130 ишкана жабылып, 2,5 миллион адам жумушсуз калган. Азык-түлүк тартыш болуп, үйлөргө жылуулук берилбей калган. Бул кыйынчылыктардын баарын бирге жеңдик. Ал кезде биздин көп улуттуу калкыбыз биригип, туруктуулукту камсыз кылбаганда, бүгүн биздин өлкөгө чет өлкөлүк инвесторлор келмек эмес. Казакстан элинин ассамблеясы жана анын аймактардагы өкүлчүлүктөрү мындай учурлардын алдын алышы керек. Албетте, мамлекеттик кызматкерлердин өз милдеттери бар. Ичибиздеги  тынчтыкты сактоо эң биринчи — калктын милдети. Ошондуктан бул иштин чоо-жайын тыкыр текшерүүгө алуу кажет. Болочок урпакка Казакстан деп сыймыктана тургандай өлкөнү беришибиз керек”,- деди Назарбаев.

Ошондой эле, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кордай районунун калк жайгашкан аймактарында чыккан жаңжалга жол берген чиновниктер жазаланарын белгилеген.

Белгилей кетсек, 7-февралда кечке маал Кордай районунун Масанчи жана Сары-Төбе айылдарында жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Анын айынан 10 адам каза болуп, дагы ондогону ар кандай жаракат алган. Аталган айылдар Кыргызстан менен чектеш жерде жайгашкан жана ал жерде дунган улутундагы тургундардын жашаары белгилүү.

Кысымдан улам миңдеген киши Кыргызстанга качкан. 11-февралда Жамбыл облусунун губернатору Бердибек Сапарбаев акыркы эки күн ичинде Кыргызстандан 8000ге жакын дунган улутундагылар кайтып барганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM