Биз менен байланышыңыз

Кытайдан дагы 40 жаран алып келинди

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 379 | 0

Кытайдын борбору Пекинден Кыргызстандын 40 жараны алып келинди. Аларды Казакстандын бийлиги өздөрүнүн жарандары менен кошо алып келди. Пекинден жалпысынан 211 жаран келди.

Казакстандык жарандар Алматыдагы ооруканага жаткырылса, кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилди.

«Казак жарандары 3 күн ооруканада болуп, текшерилип, анализдер алынат. Медициналык көрсөткүч боюнча ооруканада жаткан мөөнөт узартылышы мүмкүн. Учурда Кытайдан келгендердин абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM