Биз менен байланышыңыз

Кыргыз балы Японияда ири көргөзмөгө коюлду

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 691 | 0

Бүгүн, 12-февралда Японияда “Food Table in Japan 2020” эӊ ири тамак-аш азыктарынын көргөзмөсү башталды. Буга Кыргызстандан “Ноктюрн”, “Кыргыз Республикасынын аарычылар Ассоциациясы”, “Аман-Гринфуд”, “Ала-Тоо Honey”, “ОСКО” жана “Алыш-Дан” компаниялары катышып, уникалдуу бал азыктарын жана кургатылган жемиштерди көргөзмөгө алып чыкты.

Бул тууралуу “Алыш-Дан” ишканасынын жетекчиси Турсунали Төлөмүшов “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, Чиба шаарындагы «Макухари Мессе» аттуу көргөзмөлөр комплексинде өтүп жаткан иш-чарага Кыргыз Республикасын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев катышты.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Япониянын тамактануу тармагы рыногуна азыктарды таанытууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Негизги катышуучулары катары чыгыш өлкөсүнүн ашкана, ресторандар, мейманканалары, ири дүкөндөрү, супермаркеттери катышышты.

Кыргызстандык компаниялардын бул иш-чарага катышуусу Япониянын Орусия жана Жаӊы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү боюнча ассоциациясынын (РОТОБО) чакыруусу-колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги, ошондой эле Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Учурда Кыргызстанда өндүрүлгөн бал жыл сайын Японияда атакка ээ болууда, аны айрым Япониянын дүкөндөрүнөн сатып алууга болот. Ошондой эле кыргыз балы белгилүү Аmazon, Rakuten ж.б. электрондук коммерциялык платформалары аркылуу сатылууда, — деди Турсунали Төлөмүшов.

Copyright © 2017 Maral FM