Биз менен байланышыңыз

Парламент Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карап жатат

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 578 | 0

Парламент ушул тапта вице-премьерлик кызматка Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карап жатат.

Аны Жогорку Кеңештин жалпы палатасына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Өкмөт башчы Мадумаровдун Баткенде иштеп көйгөйдү жеринен билерин айтып, андыктан чек ара маселесин тескей ала турганын белгиледи.

Акрам Мадумаров Өкмөттүн Баткендеги өкүлү болуп иштеген. Чек араларды аныктоо боюнча комиссиянын курамында да иштеген. Тажик тарап менен иштешип, алар менен да тааныш, иштөөнү билет. Бул жагдайлрдыы эске алып, Акрам Мадумаровдун талапкерлиги сунушталды”, — деди Абылгазиев.

Акрам Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген. Ал кечээ өз ыктыяры менен арыз жазып кеткен Жеңиш Разаковдун ордуна көрсөтүлүүдө.

Чек ара маселесин тескеп келген мурдагы вице Жеңиш Разаков үй-бүлөлүк себептерден улам кызматын тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM